Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоору
Бишкек шаарынын мэриясынын
2024-жылдын «__» ___________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

«Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичтин Кыргыз Республикасында спортту өнүктүрүүдөгү сиңирген зор эмгегин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичке Бишкек шаары, Туңгуч кичи району,
23-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0038-01-003, муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишимди белгиленген тартипте түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин

маалымкат-негиздеме (docx. 20kb)
финансылык корутунду (docx. 31kb)
юридикалык корутунду (docx. 13kb)