Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Жүргүнчү ташуучу троллейбустарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  менчигине  акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясына транспорттук тейлөөнү жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына кийин Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берүү үчүн тиркемеге ылайык 100 (бир жүз) троллейбусту жана троллейбустардын иштөөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон мүлктү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (мамлекеттик менчикке) акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                

Тиркеме (doc.36 kb)
маалымкат-негиздеме (docx. 23kb)
финансылык корутунду (pdf. 618 kb)
юридикалык корутунду (pdf. 543 kb)
Письмо (pdf. 61 kb)
Письмо-2 (pdf. 257 kb)
АПКР (pdf. 490 kb)