Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

                                                                             Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын административдик чек арасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 16-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын административдик чек арасынын мамлекеттик тилдеги схемалык картасы тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К.К. Конгантиев

 

маалымкат-негиздеме (docx. 30 kb)
финансылык корутунду (pdf. 255 kb)
юридикалык корутунду (pdf.273 kb)