Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор 
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» ______
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине он жүргүнчү автобусту акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө    
     

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамын ташуу үчүн жүргүнчү автобустар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын он бирдик жүргүнчү автобус бөлүп берүү жөнүндө 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 30/12-10961 кайрылуусун эске алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (мамлекеттик менчикке) жалпы суммасы 31 068 092 (отуз бир миллион алтымыш сегиз миң токсон эки) сомду түзгөн, ZK6108HGH моделиндеги «YUTONG» маркасындагы он жүргүнчү автобусту акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Бишкек шаардык 
кеңешинин төрагасы  
    
 

маалымкат-негиздеме (docx. 21 kb)
финансылык корутунду (pdf. 575 kb)
юридикалык корутунду (pdf.475 kb)
Письмо (pdf. 178kb)