Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2024-жылдын «__»______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын  жана 2026-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2025-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

  •  2025-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;
  • Бишкек шаардык кеңешине 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча Программанын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт берсин.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 31 «2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              К.К. Конгантиев

 

Тиркеме (xlsx. 54kb)

маалымкат-негиздеме (docx. 19 kb)

финансылык корутунду (pdf. 537 kb)

юридикалык корутунду (pdf. 6616 kb)

түшүндүрмө кат (docx. 23 kb)