Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти:

- жер участокторун ижаралоонун колдонуудагы келишимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы        

маалымкат-негиздеме (docx.30 kb)
финансылык корутунду жана юридикалык корутунду (pdf. 1563kb)