Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2026-жылдын 24-октябрында, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 197 (Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору) дарегинде Кезектеги V Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.

“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгына, 2025-жылдын 25-декабрында IV Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуну, кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык, ошондой эле XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин XV кезексиз сессиясынын чечиминин негизинде, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын 24-октябрында, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 197 (Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору) дарегинде Кезектеги V Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.