Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу

Урматтуу ардагерлер, тыл эмгекчилери жана сүйүктүү шаар тургундары!

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күн - кайраттуулуктун, эрдиктин жана элибиздин жыгылбас рухунун улуу символу болуп саналат.

9-Май - бул муундарды бириктирген ыйык күн. Мекен үчүн алдыңкы сапта каны-жанын аябаган, тылда жан үрөп иштеген, өз өмүрүн курмандыкка чалып, эгемендүүлүктү жана эркиндикти коргоп калган адамдарды эскерүү күнү. Биз ата-бабаларыбыздын эрдигинин алдында терең таазим кылабыз. Алардын мекенге болгон сүйүүсү, кайратмандыгы жана чыдамкайлыгы чыныгы патриотизмдин үлгүсү катары түбөлүккө сакталып калат.

Биздин ыйык милдет — тарыхый чындыкты сактоо, аны жаш муундарга жеткирүү, ардагерлерди колдоо жана Улуу Жеңишке салым кошкондорго дайыма кам көрүү. Эрдиктин эскерүүсү жүрөгүбүздө түбөлүк сакталсын, ал эми алар коргогон тынчтык — бекем жана нурдуу болсун.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана үй-бүлөлүк ынтымак каалайм. Мекенибиздин асманы дайыма ачык болуп, ар бир үйдө кубаныч, жылуулук жана Улуу Жеңиш үчүн сыймык өкүм сүрсүн!

Урматтоо менен, Бекжан Усеналиев