Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 1 сессиясы болду, күн тартибине ылайык маселелер каралды.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп “Адилет” фракциясынан депутат Бекжан Бактыбекович Усеналиев шайланды. 
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп штаттык ырааттамага ылайык “Жаңы күч - Новая сила” фракциясынан депутат Жылдызбек Асанкулович Абдраимов, ал эми коомдук башталышта “Эл үмүтү” фракциясынан депутат Болот Адылбекович Ибрагимов шайланышты.
Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланган төрагасы Бекжан Бактыбекович Усеналиев XXIX чакырылыштын жаңы курамын алган мандаттары менен куттуктап, бардыгына ийгиликтерди каалады. Шаардын жана шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн бирдиктүү, ырааттуу иштөө зарылдыгын белгиледи.