Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын күнү аныкталды

Президиум 2023-жылдын 30-май айына, саат 09.00 го Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясынын күнүн жана убактысын аныктады. Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун жыйынына төрага Куванычбек Конгантиев, төраганын орун басарлары Токтосун Султанов, Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссияларынын төрагалары, депутаттар, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков жана мэрдин орун басарлары катышты. Жыйындын жүрүшүндө Президиум мүчөлөрү сессиянын күн тартибинин долбоорунун маселелерин такташты.