Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Сиздерди Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктайбыз!

Урматтуу ардагерлер жана оруктун эмгекчилери!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктайм ! Улуу ата-мекендик согуштагы жеңиш дүйнөлүк тарыхта маанилүү ролду ойногон. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

Кыргызстандыктардын жеңишке кошкон салымы чоң болду. Кыргызстанда согуштан жапа чекпеген бир дагы үй-бүлө болгон эмес. Мекенибизде биздин жердештерибиз талыкпай эмгектенип, фронтту бардык зарыл нерселер менен камсыз кылышкан. Улуу Ата Мекендик согушунда 365 миң кыргызстандык салгылашкан. 90 миң мекендешибиз согуш талаасында курман болушкан. Алардын ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылган.

Алардын эрдиги, кайраттуулугу, баатырдыгы ар дайым эсибизде. Фронттогу эрдигиңер үчүн, тылдагы эмгегиңер үчүн сиздерге таазим кылабыз. Сиздердин аркаңыздар менен башыбызда бейпил асман, эркин өлкөдө жашоо мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Сиздерге, урматтуу ардагерлер, чың ден соолук жана бакубатчылык, Кыргызстан элине тынчтык жана өнүгүп өсүүнү каалайм!