Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитти

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитти.

Бүгүн, 2023-жылдын  3-майында Бишкек шаардык кеңешинин XVI сессиясынын уландысы болуп өттү. Анын жүрүшүндө депутаттар талкуудан кийин Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө токтом долбоорун кабыл алышты.

Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 миллиард 390 миллион сом суммасында болжолдонгон, бирок республикалык бюджеттен 3 миллиард 806 миллион сомго кошумча трансферттерди эске алганда шаардын бюджети 22 миллиард 869, 5 миллион сомду түздү.