Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы аяктады.

Сессия Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун, фракция лидерлеринин, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясынын акимдеринин, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Жалпысынан, депутаттар 17 маселе карашты. Бардык маселелер добуш берүүдө колдоо тапты, XIII сессия өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.