Жаңылыктар
2025-жылдын 1-ноябрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны болуп өттү.
- Подробности
- Опубликовано 01.11.2025 15:51
Бишкек шаары IV Элдик Курултайга 72 делегатты шайлады
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жана коомдук бирикмелердин тургундар жыйындарында шайланган активисттери катышты. Жыйында 500 шайланган өкүлдүн ичинен 442 катышып, кворум камсыздалды.
Иш-чараны расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жана төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов ачты. Жыйынга ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү да катышышты.
Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын өкүлдөрүнө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шайланган 72 делегатты куттуктап, алдыда боло турган IV Элдик Курултайда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып баруусун каалады.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

