Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтому менен бекитилген “Кварталдык жана үй комитеттер жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын сунуштары каралды.
- Подробности
- Опубликовано 19.11.2019 16:41
Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоору боюнча депутаттар устав долбоорун сессиянын кароосуна киргизүү маселесин туруктуу комиссиянын кийинки отурумунда кароо чечимин кабыл алышты.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Максим Ситниковдун үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн отчёту угулду. Анын алкагында, туруктуу комиссия тарабынан тийиштүү тапшырмалар берилди.