
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «____»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 85 «2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгили жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин параметрлерин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 85 «2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда «32 873 616,8» деген цифралар «49 283 972,7» деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр 10-тиркемеге ылайык, атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча чыгашалар бөлүгү жана өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр – ушул токтомдун 11 жана 12-тиркемелерине ылайык бекитилет.»;
3) 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Ушул токтомдун 6-тиркемеси 2026-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат деп белгиленсин.»;
4) көрсөтүлгөн токтомдун 1, 11 жана 12-тиркемелери ушул токтомдун 1, 11 жана 12-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
5) көрсөтүлгөн токтомдун 2, 7 жана 8-тиркемелери ушул токтомдун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) ушул токтомдун 5, 6 жана 7-тиркемелерине ылайык редакциядагы 10, 11 жана 12-тиркемелер менен толукталсын.
2..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.38.8kb)
Финансылык корутунду (pdf.691kb)
Юридикалык корутунду (pdf.571kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

