Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Screenshot_110.png

                                   Долбоор     

  Бишкек шаарынын мэриясы   

  2026-жылдын «___» __________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды

чыгымдоо укугуна ээ болгон муниципалдык ишканалардын тизмегин бекитүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына

өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдуулугун жана муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 101-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды бекитип берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоого чыгымдоо укугуна ээ болгон муниципалдык ишканалардын тизмегин бекитүү боюнча ченем жаратуу ыйгарым укуктары Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки жылга колдонулат деп белгиленсин.
  3. Бишкек шаарынын мэриясы :
  • өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды бекитип берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоого чыгымдоо укугуна ээ болгон муниципалдык ишканалардын тизмегин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитсин;
  • квартал сайын бекитилген муниципалдык ишканалардын тизмеги жана ага киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына берсин;
  • белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
  1. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                      Б.Б. Усеналиев

Аткаруучу:

Бишкек шаарынын мэриясынын

борбордук аппаратынын

укуктук камсыздоо бөлүмүнүн

башкы адиси А.К. Кулатова __________

Тел.: 707 15 19 05

 

Негиздеме-маалымкат (docx.30.6kb)

Финансылык корутунду (pdf.345kb)

Юридикалык корутунду (pdf.649kb)