
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Токтогул көчөсү - Логвиненко көчөсү
дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик
менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Жер участокторун натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Токтогул көчөсү - Логвиненко көчөсү дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-02-03-0006-0899, аянты 0,33 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.23kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

