Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек, "__" ___________ 2026-жыл №

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 "Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчилике алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 "Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна төмөнкү кошумча киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө" жобонун 29-пункту төмөнкү пунктча менен толукталсын:

"8) инвестиция, инновация, туризм, тышкы экономикалык кызматташтык жана тышкы байланыштар жөнүндө":

борбор калаанын инвестициялык саясатын комплекстүү карап чыгууну камсыз кылат;

ички жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатат;

муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшөт;

инвестициялык климатты талдоо жүргүзөт жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, бизнес коомчулугу жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

өз чечимдеринин жана кабыл алынган токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөйт;

Комиссиянын карамагындагы маселелер боюнча шаардык кеңештин башка туруктуу комиссиялар менен өз ара аракеттенет;

Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  жетекчилеринин комиссиянын ишмердүүлүк багыттары боюнча отчетторун угат;

Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча мониторинг  жүргүзөт;

Инвестициялык климатты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жана иш-аракеттердин таасирин аныктоо максатында өнүктүрүү маселелери боюнча кабыл алынган жоболорду баалоону жүргүзөт”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                            Б. Усеналиев

 

Негиздеме-маалымкат (docx.21kb)