Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

soprov kg13

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2026-жылдын «___» ______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында

мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодексине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

         -  Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

         - Бишкек шаарында жер участогун ижарага берүүнүн типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык;

         - Бишкек шаарында жер участокторун жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн ижара шартында мөөнөттүү  (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн типтүү келишими 3-тиркемеге ылайык;

         - шаар куруу корутундусунун формасы  4-тиркемеге ылайык;

         - архитектуралык-техникалык корутундунун формасы 5-тиркемеге ылайык;

         - Ар түрдүү функционалдык  дайындалыштагы   жер участоктору үчүн  экономикалык  зоналар боюнча ижара акысынын коюмдары 6-тиркемеге ылайык;

          - Ижара төлөмдөрүн  эсептөө үчүн экономикалык зоналардын чек араларынын схемасы 7-тиркемеге ылайык.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

         – 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Бишкек шаардык кеңешинин токтому;

– 2020-жылдын 14-январындагы № 142 «Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Бишкек шаардык кеңешинин токтому;

– 2022-жылдын 29-июнундагы № 40 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтому;

– 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 «Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтому;

– 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 58 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтому;

– 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 «Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 5, 6-пункту;

– 2024-жылдын 4-мартындагы № 114 «Бишкек шаардык кеңешинин жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтому;

– 2024-жылдын 29-августундагы № 145 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтому.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                             Б. Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.71kb)

Тиркеме 2 (docx.37kb)

Тиркеме 3 (docx.32kb)

Тиркеме 4 (docx.20kb)

Тиркеме 5 (docx.18kb)

Тиркеме 6 (docx.30kb)

Тиркеме 7 (docx.22kb)

Тиркеме 8 (pdf.427kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.19kb)

Финансылык корутунду (pdf.851kb)

Юридикалык корутунду (docx .18kb)