Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «___» ______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө
көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат
көрсөтүүлөрдүн коэффициентин бекитүү жөнүндө
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти экономикалык шарттардын жана Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүн күтүүнүн наркынын өзгөрүшүн эске алуу менен, үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш экендиги;
- Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентинин өлчөмүн өзгөртүү тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылбай тургандыгы белгиленсин. Коэффициенттин өлчөмү өзгөргөнгө чейин түзүлгөн көмүү жайларын брондоо келишимдери боюнча келишим түзүлгөн датага карата колдонулган коэффициенттин өлчөмү колдонулат.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.31kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

