Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

sorpov kg

              Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «___» ___________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги

№312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр

транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк

ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна

 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

         Жүргүнчүлөргө ыңгайлуулуктарды түзүү, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштөөсүн жана борбордун тургундары менен конокторун үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 68-пунктуна, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги
    №312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

  1. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
  2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт маселесин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

Төрагасы                                                                           Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 21kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.27kb)

Салыштырма таблица (docx.22kb)

Финансылык корутунду (pdf.508kb)

Юридикалык корутунду (pdf .364kb)