Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

soprov ru

Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы

    2026-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 101 дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик

 менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 токтомун ишке ашыруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 101 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0448, аянты 0,996 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                            Б. Б. Усеналиев

Тиркеме (pdf.13mb)

Негиздеме-маалымкат (docx.27kb)

Токтом (pdf.3.7mb)

Финансылык корутунду (pdf.516kb)

Юридикалык корутунду (pdf .450kb)