Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

soprov kg

 

                                            

                                 Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                                 2026-жылдын «__»_______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын мэриясына 120 электробусту

күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 9-т тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн 2023-жылдын 13-февралындагы № 19-04-01/8 Субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

             1..Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык «АNКАI» маркасындагы 120 жүргүнчү электробусту «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

             2..Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

            3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

            4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

           5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин                                         
төрагасы                                                                              Б.Б. Усеналиев

 

 

Тиркеме (docx.31kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.21kb)

Финансылык корутунду (pdf.135kb)

Юридикалык корутунду (pdf .60kb)