Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                            2025-жылдын «___» ______

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Бишкек шаарынын көчөлөрүн кайра атоо жөнүндө

 

Бир көчө багытында бир нече аталышка ээ болгон Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарынын кайталанышын жана бөлүктөргө бөлүнүшүн жоюу максатында, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

- Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Ден Сяопин, Чүй, Шабдан Баатыр проспекттери Чүй проспекти болуп, 1-тиркемеге ылайык;

 - 7-Апрель, Курманжан Датка көчөлөрү Курманжан Датка көчөсү болуп, 2-тиркемеге ылайык;

- Жайыл Баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев, Аалы Токомбаев проспекттери, Кайыков көчөсү Аалы Токомбаев проспекти болуп, 3-тиркемеге ылайык;

- Анварбек Чортеков, Кривоносов көчөлөрү Абсамат Масалиев көчөсү болуп, 4-тиркемеге ылайык;

- Лев Толстой, Путепроводная, Сары Өзөн, Лев Толстой көчөлөрү Шабдан Баатыр көчөсү болуп, 5-тиркемеге ылайык;

- Чынгыз Айтматов проспекти, Манас көчөсү Чынгыз Айтматов проспекти болуп, 6-тиркемеге ылайык;

- Жаш Гвардия проспекти, Махатма Ганди көчөсү Иманалы Айдарбеков көчөсү болуп, 7-тиркемеге ылайык;

- Селекционная, Муромск көчөлөрү Махатма Ганди көчөсү болуп,  8-тиркемеге ылайык;

- Юлиус Фучик көчөсү жана Васильевский тракт Манас көчөсү болуп, 9-тиркемеге ылайык;

- Жибек Жолу, Жеңиш проспекттери Жибек Жолу проспекти болуп, 10-тиркемеге ылайык;

- Максим Горький, Анкара көчөлөрү Анкара көчөсү болуп,11-тиркемеге ылайык;

- Чалагыз Иманкулов, Карыбек Тыналиев көчөлөрү Карыбек Тыналиев көчөсү болуп, 12-тиркемеге ылайык;

- Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов, Центральная көчөлөрү Жусуп Абдрахманов көчөсү болуп, 13-тиркемеге ылайык;

- Береговая, Окраинная, Көк-Сай, К. Курманалиев, Набережная, Береговая көчөлөрү Ден Сяопин көчөсү болуп, 14-тиркемеге ылайык;

- Исхак Раззаков (Новопавловка), Асипа Темирова көчөлөрү Анварбек Чортеков көчөсү болуп, 15-тиркемеге ылайык;

- Виноградная көчөсү Лев Толстой көчөсү болуп, 16-тиркемеге ылайык;

- Николай Гоголь көчөсү (Новопавловка) Чалагыз Иманкулов көчөсү болуп, 17-тиркемеге ылайык;

- Ленская, Юбилейная көчөлөрү Жайыл Баатыр көчөсү болуп, 18-тиркемеге ылайык.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы:

- ушул токтомду аткаруу боюнча келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- бөлүктөргө бөлүнгөн көчөлөрдү бириктирүүдө ушул токтом менен камтылбаган көчөлөрдү кийин атоо маселесин карап чыксын.

3.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек, Аламүдүн, Сокулук филиалдары жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы эсептик-инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга жана мэрдин архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                            Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf.1.4mb)

Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)

Финансылык корутунду (pdf.482kb)

Юридикалык корутунду (pdf .405kb)