
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»__________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 «Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3...Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык менчик маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.26kb)
Финансылык корутунду (pdf.406kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

