Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын  «___» ______

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы

№ 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү
жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө»
токтомуна
 өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2025-жылга Бишкек шаарынын бюджеттик параметрлерин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин
115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы
    № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «23 009 946,6», «11 339 832,4», «3 373 824,1»,
«2 746 071,5», «2 837 178,8», «2 713 039,8» деген цифралар тийиштүү
«28 438 268,3», «13 325 665,0», «4 285 057,5», «3 353 867,0», «3 845 240,7»,
«3 628 438,1» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 1, l1,12,13 - тиркемелери ушул токтомдун 1, l1,12,13 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) 2, 21 - тиркемелери ушул токтомдун 2, 3 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

         4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун
4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

5) 6-пункттагы:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча:

Ленин администрациялык районуна - 68,3%;

Октябрь администрациялык районуна - 57,0%;

Биринчи май администрациялык районуна - 36,1%;

Свердлов администрациялык районуна - 56,5%;

патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы иш-аракетке салык, кыймылсыз мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

Ленин администрациялык районуна - 65,3%;

Октябрь администрациялык районуна - 51,8%»;

Биринчи май администрациялык районуна - 29,0%;

Свердлов администрациялык районуна - 48,2%;

  • 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«активдер жана милдеттмелер боюнча 100 % шаардык бюджетке »;

6) 10-пункт:

төмөнкүдөй мазмундагы 4 1-пунктча менен толукталсын:

«41) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып ушул пункттун
4-пунктчасы тарабынан белгиленген 1 кызматкерге ай сайын үстөк акынын өлчөмүн 5 350 (беш миң үч жүз элүү) сомго көбөйтүү;».

  • төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

«91) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып ушул пункттун
9-пунктчасы тарабынан белгиленген «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунун жана «Акниет» турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн борбордун кызматкерлерине ай сайын төлөнүүчү          1 кызматкерге үстөктөрдүн өлчөмүн 6 000 (алты миң) сомго көбөйтүү;»;

- 10-пунктчасынын биринчи абзацындагы «Шаардык балдар сүт ашканасынын» деген сөздөр «Социалдык өнүктүрүү департаментинин Балдар сүт ашканасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 101- пунктча менен толукталсын:

«101) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин Балдар сүт ашканасынын кызматкерлерине ушул пункттун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн ай сайын төлөнүүчү үстөк акылардын өлчөмдөрүн көбөйтүү:

орто жана башка персоналга - 1 кызматкерге 6000 (алты миң) сомго;

кенже персоналга - 1 кызматкерге 5 500 (беш миң беш жүз) сомго;

кенже медициналык персоналга - 1 кызматкерге 5 500 (беш миң беш жүз) сомго;

адистештирилген транспорт каражаттарынын айдоочуларына -          
1 кызматкерге 5 000 (беш миң) сомго;»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 131- пунктча менен толукталсын:

131) 2025-жылдын 1-октябрынан тартып ушул пункттун
13-пунктчасында көрсөтүлгөн кызматкерлерге, башкы бухгалтерлерди кошпогондо кызматтык маянасынан 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн төмөнкүдөй көбөйтүү:

 - администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттен  ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 70% өлчөмүндө көбөйтүлөт;                                                                   

- муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук билим берүү башкармалыктарынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 50% өлчөмүндө көбөйтүлөт.»;

7) 12-пунктта:

2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2025-жылдын
1-июлуна чейин:

3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;

  3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;»;

төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:

«14) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып калктын социалдык жактан аялуу катмардын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробация жүргүзүү алкагында ваучер алган балдардын тамактануусуна жеңилдиктерди төлөөгө 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө.»;

8) 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

«91 «Учкун» конушунун окуучуларын 2025-жылдын 22-сентябрынан 31-декабрына чейин жана «Лесхоз» конушунун окуучуларын
2025-жылдын 2-сентябрынан 31-декабрына чейин Бишкек шаарынын  мектептерине ташууну уюштурууга»;

9) 18-пункт «футболчуларына» деген сөздөн кийин
«2025-жылдын 17-июлуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

10) 19-пункт «машыктыруучуларына» деген сөздөн кийин
«2025-жылдын 17-июлуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

11) 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Төмөнкүлөр белгиленсин:

Ушул токтомдун 5-тиркемеси 2025-жылдын 17-июлуна чейин колдонулат;

- ушул токтомдун 52-тиркемеси 2025-жылдын 8-августуна чейин колдонулат. »;

12) 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«231. 2025-жылдын башталышына карата бош калдыктардын каражаттарынын эсебинен ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык чыгашаларды жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.»;

13) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун
5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

14) төмөнкүдөй редакциядагы 233-пункт менен толукталсын:

«233. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун
10-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;

15) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакциядагы               
10-тиркеме менен толукталсын.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                               Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (xlsx.569kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.58kb)

Финансылык корутунду (pdf.569kb)

Юридикалык корутунду (pdf .595kb)