Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___» ______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Бишкек шаардык кеңешинин
«Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 «Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бир көчө багытында кеткен, бир нече аталышка ээ Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарынын кайталанышын жана бөлүктөргө бөлүнүшүн жоюу максатында, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 11-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 «Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарын, бульварларын, көчөлөрүн жана туюк көчөлөрүн кайра атоого, жыйырма жылга мораторий жарыялансын, төмөндө көрсөтүлгөн кайра аталыштарды кошпогондо:
1) төмөнкү токтомдордо каралган:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 «Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому;
- Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 «Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө» токтому;
2) «Пригородный 30га» конушунун жана ушул конуштун көчөлөрүнүн;
3) 1-18-тиркемелерге ылайык көчөлөрдүн.».
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду аткаруу боюнча келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек, Аламүдүн, Сокулук филиалдары жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы эсептик-инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Күчүн жоготту деп таанылсын:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-арелиндеги № 116 «Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 «Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
- Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 60 «Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 «Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167 «Бишкек шаардык кеңешинин географиялык аталыштар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктту;
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 91 «Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга жана мэрдин архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
- Ушул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.21kb)
Салыштырма таблица (docx.14kb)