Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«___»______2025-жыл

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын аймагында үй жаныбарларын багуу

жана мал жаюу эрежелерин бекитүү жөнүндө
 

Бишкек шаарынын аймагында эпизоотиялык туруктуу абалды жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарында үй жаныбарларын багуу жана мал жаюу эрежелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын 2002-жылдын 22-майындагы №121 «Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды күтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин                              

төрагасы                                                                              Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.40kb)

Тиркеме 2 (pdf. 339kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.26kb)

Финансылык корутунду (pdf.191kb)

Юридикалык корутунду (pdf .449kb)