Долбоор
Бишкек шарынын мэриясы
«__»__________2025- ж.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40
«Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо максатында,
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
39-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого ылайык,
Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго 2-тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.22kb)