
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___»_______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;
- Бишкек шаардык кеңешине 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт берсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Тиркеме 1 (docx.142kb)
Тиркеме 2 (docx.55kb)
Тиркеме 3 (xlsx.28kb)
Маалымкат негиздеме (docx.21kb)
Финансылык корутунду (pdf.542kb)
Юридикалык корутунду (pdf .55kb)