Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025 жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелерин оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын талапка ылайык келтирүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 6, 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Маалымкат негиздеме (docx.25kb)
Финансылык корутунду (pdf.82kb)
Юридикалык корутунду (pdf .86kb)
Салыштырма таблица (pdf .156kb)