Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «____»_________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы    № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө»

 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

            1) төмөнкүдөй мазмундагы 231, 232-пункттар менен толукталсын:

                            «231. 2024-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен чыгашаларды ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.

                             232. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларынын багыты ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;

            2) ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8, 9-тиркемелер менен толукталсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (xlsx.39kb)
Салыштырма таблица(docx. 19kb)
Маалымкат негиздеме (docx.59kb)
Түшүндүрмө кат (docx.26kb)