Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__» ________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Мамлекеттик менчикке муниципалдык турак жайларды
акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жер пайдалануучулар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча иш-чаралардын алкагында муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселесин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
Аткаруучу:
Бишкек шаарынын мэриясынын
Муниципалдык мүлктү башкаруу
боюнча департаментинин директору Б.К. Шеримбеков
Маалымкат негиздеме (docx.23kb)
Финансылык корутунду (pdf.255kb)
Юридикалык корутунду (docx.14kb)