Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
«Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык
сактоо башкармалыгынын автобазасы» мекемесинин
автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке
акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 31-т тескемесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. «Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автобазасы» мекемесинин тиркемеге ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Маалымкат негиздеме (docx.25kb)
Финансылык корутунду (docx.30kb)
Юридикалык корутунду (docx.14kb)