Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__» _______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
«Таза асман - 2030» концепциясын бекитүү жөнүндө»
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 30 токтому менен бекитилген «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү программасында каралган тышкы колдонуудагы коммуникациялык тармактарды жер астына жайгаштыруу жолу менен шаарды эстетикалык өзгөртүү максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таза асман - 2030» концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.. Бишкек шаарынын мэриясы:
- бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары – Иш-чаралар планы) иштеп чыксын жана бекитсин;
- жер астындагы кабелдик канализациянын курулуш-монтаждоо жумуштары жүргүзүлө турган көчөлөрдүн тизмегин бекитсин;
- Иш-чаралар планын каржылоо тиешелүү бюджеттик жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгын белгилесин.
3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалым кат (docx.27kb)