Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
 

Долбоор

        Бишкек шаарынын   мэриясы

        2025-жылдын «____» ______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. 2024-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы  каражаттардын калдыгын эске алуу менен кирешелер боюнча 37 543 562,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 33 740 800,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 3 802 761,3 миң сом суммасында бекитилсин.

2..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б.Б. Усеналиев

 

 

Аткаруучу:

КРнын ФМнын Бишкек финансы

башкармалыгынын начальниги

Р.З. Садырбаев____________________

тел.: 65-88-20

 

Тиркеме (xls.234 kb)

Түшүндүрмө кат (docx. 185kb)

Маалымкат негиздеме (docx. 62kb)

Финансылык корутунду (pdf. 304kb)

Юридикалык корутунду (pdf. 245kb)