Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                 Долбоор

                                                                              Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                            2025-жылдын «___»________

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан жанаша жер участоктору менен турак эмес жайды муниципалдык  менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун сапатын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

  1. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк базасын уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан  идентификациялык коддору: 1-01-04-0024-0348 жана                           1-01-04-0024-0392 жанаша жер участоктору менен турак эмес жайды   Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                              

 

Маалымкат негиздеме (docx.26kb)

Финансылык корутунду (docx.30kb)

Юридикалык корутунду (docx.14kb)