Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___»________
Бишкек шаардык кеңешинин
токтому
Фонтан комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган фонтан комплексин жалпы аянты 0,733 га жанаша жайгашкан жер участогу менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Маалымкат негиздеме (docx.26kb)