Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
«Айкөл Манас» эстелигинин астындагы жер төлө жайын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаары, «Ала-Тоо» борбордук аянты дареги боюнча жайгашкан «Айкөл Манас» эстелигинин астындагы мамлекеттик менчикте турган жер төлө жайын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Маалымкат негиздеме (pdf.213kb)