Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Билим берүү объекттерин муниципалдык менчикке
кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Мурдагы бала бакчанын имаратын максаттуу багыты боюнча пайдалануу аркылуу балдардын мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле мектеп куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Төмөнкү объекттерди Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
- мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Красная көчөсү, 144 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-01-06-0035-0083, жалпы аянты 0,289 га жанаша жайгашкан жер участогу менен аянты 409,1 чарчы метрди түзгөн турак эмес жайды;
- мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштуруу үчүн Бишкек шаары, «Чыгыш-5» кичи району, 10/1, 10/2 жана 10/3 даректери боюнча жайгашкан идентификациялык коддору: 1-03-08-0043-0711, 1-03-08-0043-0716 жана 1-03-08-0043-0726, жалпы аянты 0,917 га жанаша жайгашкан жер участоктору менен аянты 2733,1 чарчы метрди түзгөн турак эмес жайды;
- башталгыч мектеп, спорт аянтчасын жана откана куруу үчүн Бишкек шаары, «Ай-Көл» конушу, Семетей көчөсү дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-03-19-1001-5606, жалпы аянты 0,62 га жер участогун.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
Маалымкат негиздеме (pdf.218kb)
Финансылык корутунду (pdf.223kb)
Юридикалык корутунду (pdf.194kb)