Долбоор
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин тийиштүү жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Эл аралык жана шаар аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Чымкент көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин идентификациялык коддору: 1-02-06-0014-0535, 1-02-06-0014-0536, 1-02-06-0014-0480 болгон тийиштүү жер участоктору менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Маалымкат-негиздеме (docx. 24kb)
Финансылык корутунду (docx. 38kb)
Юридикалык корутунду (docx. 14kb)
|
|