Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «___» ______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы
№ 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын
райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын
социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуу максатында Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун «б» пунктчасында «4000 сом» деген сөздөр «7000 сом» деген сөздөр менен алмаштырылсын:
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелерди жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Маалымкат-негиздеме (docx. 25kb)
Финансылык корутунду (docx. 32kb)
Юридикалык корутунду (docx. 14kb)
Салыштыруу таблицасы (docx. 14kb)