Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктары Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченем жаратуу ыйгарым укуктары мөөнөтсүз мүнөзгө ээ экендигижана Бишкек шаардык кеңешинин тийиштүү токтому кабыл алынганга чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелери боюнча орун басарына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                

маалымкат-негиздеме (docx. 25kb)
финансылык корутунду (docx. 40kb)
юридикалык корутунду (docx. 15kb)