Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

                                 Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясына 124 жүргүнчү ташуучу автобусту күрөөгө коюуга  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 399-т тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 19-04-01/130 Субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 19-статьяларына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык Golden Dragon маркасындагы 124 жүргүнчү ташуучу автобусун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы          

маалымкат-негиздеме (docx. 22kb)