Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

«Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автобазасы» мекемесинин автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 31-т тескемесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. «Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автобазасы» мекемесинин тиркемеге ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, архитектура жана курулуш маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                             К.К. Конгантиев

маалымкат-негиздеме (docx. 23kb)
финансылык корутунду (docx. 222kb)
юридикалык корутунду (docx. 15kb)