Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «___» __________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чүй областынын Аламүдүн районунун Байтик Баатыр айыл аймагында жайгашкан питомникти мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областындагы өкүлүнүн 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 01-12/503 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Чүй областы, Аламүдүн району, Байтик Баатыр айыл аймагы, дарегинде жайгашкан питомникти мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;
– муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
маалымкат-негиздеме (docx. 24kb)
финансылык корутунду (docx. 38kb)
юридикалык корутунду (docx. 14kb)