Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» ________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын муниципалдык  токтотмолорунун жана авто коюу жайларынын маселелери жөнүндө

          Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорт каражаттарынын токтотмолорунун жана авто коюу жайларынын ишин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык токтотмолорду жана авто коюу жайларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобо, тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын аймагында транспорт каражатынын токтотмосу үчүн жыйымдын коюму бир токтотмо орун үчүн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө;

- Бишкек шаарынын муниципалдык авто коюу жайларында транспортту коюу үчүн төлөмдүн коюму бир авто коюу орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн 25 пайызы өлчөмүндө.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 197  «Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө» токтому;

- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн  жыйымдын ченин  бекитүү жөнүндө» токтому;

- Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-майындагы № 74 «Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтоткондугу үчүн алынуучу жыйымдар ченин бекитүү жөнүндө» токтому.

4. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

5. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                    

маалымкат-негиздеме (docx. 27 kb)
финансылык корутунду (docx. 31 kb)
юридикалык корутунду (docx. 13 kb)