Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында cпорттук курулмалар комплекси бар футбол борборун куруу жөнүндө

Бишкек шаарынын социалдык инфратүзүмүн жакшыртуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 15-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана
34-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмесине спорттук курулмалар комплекси бар футбол борборун (мындан ары – Объект) куруу үчүн Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан (тиркелген схемага ылайык), аянты 8 га жер участогун тоорук өткөрбөстөн ижара шартында 5 (беш) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин.

2. «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмеси Объекттин курулушу аяктагандан кийин аны Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп бере тургандыгы белгиленсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтому тарабынан бекитилген ижара акысынын коюмдарына ылайык «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмеси менен ижара келишимин түзсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы 

Токтом долбоору(docx.18kb)

Негиздеме- маалым кат (docx.21kb)

Финансылык кортунду(rtf.222kb)

Юридикалык кортунду(docx.16kb)