Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2022-жылдын «__»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- 2023-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.
- Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 «Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К.К. Конгантиев
маалымкат-негиздеме (doc.20 kb)